Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 12-мартындагы № 5-433 токтому

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2015-жылдын 12-мартындагы токтому

 

Иш № 5-433

 

КР Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын курамында:

төрагалык кылган: Ажибраимова А.М.,

судьялар: Арстанбаева Д.Э., Батыралиев Б.Б.,

сот отурумунун катчысы: Токтосопиева Н.,

тараптардан «А-А» кредиттик союзунун төрагасы М.Б.дун катышуусу менен,

ачык соттук отурумунда «А-А» кредиттик союзунун төрагасы М.Б.дун Нарын облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2014-жылдын 25-июнундагы чечимине карата келтирген көзөмөл тартибиндеги даттануунун негизинде жарандык иш каралды.

Ал чечим менен Нарын шаардык сотунун 2013-жылдын 11-октябрындагы чечими өзгөртүлүп, жаңы чечим кабыл алынган.

«А-А» кредиттик союзунун төрагасы М.Б. Б.С.дон 618225 сом 13 т. күрөөгө коюлган У.Кыдыралиеванын наамындагы дарек № 1 турак-жайдын эсебинен өндүрүү жана «А-А» кредиттик союзунун төрагасы М.Б.дун баштапкы доо арызынан баш тартып, жоопкер Б.С.дон 328225 сом 13 т. өндүрүү жөнүндө кошумча өтүнүч - доо арызы жарым-жартылай канааттандырылган.

«А-А» кредиттик союзунун пайдасына Б.С.дон 167730 сом 13 т. өндүрүлгөн.

Чечимдин «Б.Сдун кредиттик карызы күрөөдө турган дарек № 1 турак-жайдын эсебинен өндүрүлсүн» деген бөлүгү алынып салынган.

Апелляциялык даттануу жарым-жартылай канааттандырылган.

Б.С.дон мамлекеттик алым үчүн 16773 сом өндүрүлгөн

(төрагалык кылган - судья: А.Абдыбеков, судьялар: А.Орозалиев, Т.Ташмамбетов - баяндоочу).

КР Жогорку сотунун судьясынын Б.Батыралиевдин баяндамасын, ишке катышкан тараптардын пикирин угуп, соттук коллегия

 

ТАПТЫ:

 

«А-А» кредиттик союзунун төрагасы М.Б. сотко доо арыз менен кайрылып, анда жоопкер Б.С.ден 618225 сом 13 т. өндүрүүнү жана 618225 сом 13т. күрөөдө турган У.Кнын наамындагы дарек № 1 турак-жайдын эсебинен өндүрүүнү сураган.

Нарын шаардык сотунун 2013-жылдын 11-октябрындагы чечими менен «А-А» кредиттик союзунун төрагасы М.Бдун доо арызы канааттандырылган.

«А-А» кредиттик союзунун пайдасына Б.С.ден 618225 сом 13 т. өндүрүлгөн.

Б.Сдин 618225 сом 13 т. кредиттик карызы күрөөдө турган У.Кнын наамындагы дарек № 1 турак-жайдын эсебинен өндүрүлгөн

(төрагалык кылган - судья: Султаналиев М.К.).

Апелляциялык инстанциядагы соту тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн соттук актысы кабыл алынган.

Для того, чтобы получить доступ к документу, Вам нужно перейти по кнопке Войти и ввести логин и пароль.
Если у вас нет логина и пароля, зарегистрируйтесь.