«1997-жылга республикалык бюджет жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 14-ноябрындагы № 537 токтому
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. «1997-жылга республикалык бюджет жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | А. Жумагулов |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын 1997-жылга республикалык бюджети жөнүндө
Кабылданган - «Кыргыз Республикасынын 1997-жылга республикалык бюджети жөнүндө» КР 1997-жылдын 4-январындагы № 2 Мыйзамын караңыз
1-статья.
Кыргыз Республикасынын 1997-жылга республикалык бюджети киреше боюнча 3347282,6 миң сом жана чыгымдар боюнча 5459324,6 миң сом, мунун ичинде учурдагы чыгымдардын бюджети - 517849,0 миң сом жана өнүктүрүү бюджети - 280827,6 миң сом суммасында бекитилсин.
Республикалык бюджеттин 1997-жылга кемтигинин жеткен чеги 1612042 миң сом суммасында белгиленсин.
Республикалык бюджеттин кемтигин бүтөөгө төмөнкүлөр жумшалсын:
- ички каржылоо булактары - 560000 миң сом суммасында;
- тышкы каржылоо булактары - 1052042 миң сом суммасында.
2-статья.
1997-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү № 1 тиркемеге ылайык булактар боюнча түшүүнүн эсебинен түзүлөөрү белгиленсин.
3-статья.
Салык органдар тарабынан алынуучу штраф жазасынын суммасы тийиштүү жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелерге карата белгиленген чегерүү нормативдери боюнча облустардын жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине эсептелээри белгиленсин.
4-статья.
1997-жылга бекитилген республикалык бюджеттин чыгымдары № 2 тиркемеге ылайык өлчөмдө иш чараларды каржылоого жиберилсин.
5-статья.
Көмүр өнөр жайын колдоого 50 млн. сом суммасындагы бюджеттик акча каражаттары ссуда түрүндө берилээри белгиленсин.
6-статья.
Ишканалар менен уюмдарга ссуда түрүндө берүүгө республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен 100 млн. сом республиканын тамак-аш өнөр жай ишканаларына, 50 млн. сом республиканын ишканаларына чийки затты сезондук сатып алууга, 20 млн. сом - экспортко багытталган ишканаларга берилээри белгиленсин.
Аталган ссудалар республиканын ишканаларына жана уюмдарына мурда берилген ссудалардын кайтарылышынан түшкөн каражаттардын эсебинен жана чегинде берилээри белгиленсин.
7-статья.