2017-2018-жаңы окуу жылына жана мугалимдердин август кеңешмесине даярдыктарды көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жылдын 10-мартындагы № 287/1 буйругу
Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окуу-тарбия процессинин уюштурулушун өркүндөтүү, заманбап билим берүү технологияларын, окутуу усулдарын жана формаларын жүзөгө ашырып, жайылтуунун орчундуу шарты катары педагогикалык кызматкерлердин окуу-усулдук ишмердигиндеги инновациялык багытты колдоо жана чыгармачыл дареметин жогорулатуу максатында, буйрук кыламын:
1. 2017-2018-жаңы окуу жылына жана билим берүү кызматкерлеринин, мугалимдердин август усулдук-окуу кеңешмесин өткөрүүгө даярдык көрүү максатында түзүлгөн уюштуруу тобунун курамы бекитилсин (тиркеме 1).
2. Кыргыз билим берүү академиясына (А.Мамытов):
2.1. 2017-жылдын 25-мартына чейин окуу жылын жыйынтыктоочу экзамендеринин материалдарын (дил баян, баяндама, жат жазуу) даярдап, Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы башкармалыгына тапшыруу;
2.2. 2017-жылдын 1-апрелине чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланган Указына ылайык, август кеңешмесинин тематикасын жана жалпы билим берүү уюмдары үчүн биринчи сабактын темасын сунуштоо;
2.3. 2017-жылдын 15-майына чейин Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы башкармалыгына предметтик секцияларда талкууга алуу үчүн ар бир предмет боюнча актуалдуу суроолорду даярдоо;
2.4. 2017-жылдын 1-июнунан кечиктирбей Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы башкармалыгына а) башталгыч класстар үчүн, б) 5-7-класстар үчүн, в) 8-11-класстар үчүн биринчи сабактарды иштеп чыгып тапшыруу;
2.5. Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы башкармалыгы менен биргеликте 2017-жылдын 15-июнуна чейин райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жана мектептин администрациясына сунуштамаларды иштеп чыгуу милдеттендирилсин.
3. Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы башкармалыгына:
- Жалпы билим берүү уюмдарындагы которуу экзамендерин жоюу боюнча жобону иштеп чыгуу;