Введите номер документа
Прайс-лист

«Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмун (ИМБДУ) уюштурган Конвенцияга жана администрациялык функцияларын ИМБДУ аткаруучу башка келишимдерге карата 2003-жылдын 1-октябрында Женева шаарында кабыл алынган оңдоолорду ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Долбоор) (2008-жылдын 14-апрелинде) (күчүн жоготкон)

Скачать в Word

Скачать документ в формате .docx

Информация о документе
Датапонедельник, 14 апреля 2008
Статус
Утратил силу
утратил силу с 10 ноября 2011

Долбоор

 

Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
 
Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмун (ИМБДУ) уюштурган Конвенцияга жана администрациялык функцияларын ИМБДУ аткаруучу башка келишимдерге карата 2003-жылдын 1-октябрында Женева шаарында кабыл алынган оңдоолорду ратификациялоо тууралуу

 

Мыйзам долбоору КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 148 токтому менен жактырылган жана КР Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилген

 

Кабыл алынган - КР 2008-жылдын 18-июлундагы № 147 Мыйзамын караңыз

 

1-статья. Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмун (ИМБДУ) уюштурган Конвенцияга жана администрациялык функцияларын ИМБДУ аткаруучу башка келишимдерге карата 2003-жылдын 1-октябрында Женева шаарында кабыл алынган оңдоолор № 1 жана № 2 тиркемелерге ылайык ратификациялансын.

2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-статьясында көрсөтүлгөн оңдоолор ратификацияланганы жөнүндө Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун Башкы директоруна билдирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Кыргыз Республикасынын

2008-жылдын «__»_______

№__________Мыйзамына

№ 1 тиркеме

 

Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмун уюштуруучу Конвенциясына

оңдоолор

 

6-статья: Генералдык Ассамблея

7-статья: [алып салынды]

8-статья: Координациялык комитет

9-статья: Эл аралык бюро

11-статья: Финансылар

17-статья: Оңдоолор

20-статья: Корутунду жоболор

21-статья: Өтмө жоболор

 

6-статья. Генералдык Ассамблея

 

(1) (а) Ушул Конвенциянын мамлекет-тараптарынан турган Генералдык Ассамблея уюштурулат.

(b) Ар бир мамлекеттин Өкмөтүнүн бир делегаты болот, анын орунбасарлары, кеңешчилери жана эксперттери болушу мүмкүн.

(с) Ар бир делегациянын чыгымдарын делегацияны дайындаган Өкмөт көтөрөт.

(2) Генералдык Ассамблея:

(i) интеллектуалдык менчик жаатында бардыгы үчүн олуттуу болуп саналтан маселелерди талкуулайт, жана Бирликтердин компетенциясы менен автономиялуулугун эске алуу менен ушундай маселелерге байланыштуу сунуштарды кабыл алалат;

(ii) Координациялык комитеттин сунушу боюнча Генералдык директорду дайындайт;

(iii) Генералдык директордун Уюмга тийиштүү отчетторун карап чыгат жана бекитет, жана ага бардык керектүү нускамаларды берет;

(iv) Координациялык комитеттин отчетторун карап чыгат, бекитет жана анын ишмердүүлүгүн жактырат, ага нускама берет;

(v) Бирликтер үчүн жалпы болуп саналган чыгымдардын эки жылдык бюджетин кабыл алат;

(vi) Генералдык директор сунуш кылган, 4(iii)-статьясында каралган эл аралык макулдашмаларды ишке ашыруу боюнча администрацияга тийиштүү иш-чараларды жактырат;

Документ утратил силу

Демо – версия документа

Документ показан в сокращенном демонстрационном режиме
Укажите название закладки
Создать новую папку
Закладка уже существует
В выбранной папке уже существует закладка на этот фрагмент. Если вы хотите создать новую закладку, выберите другую папку.
Режим открытия документов

Укажите удобный вам способ открытия документов по ссылке

Включить или выключить функцию Вы сможете в меню работы с документом

Доступ ограничен
Чтобы воспользоваться этой функцией, пожалуйста, войдите под своим аккаунтом.
Если у вас нет аккаунта, зарегистрируйтесь
Обратная связь
Оставьте свои контактные данные и наш менеджер свяжется с вами